Узуну 95, туурасы 18 метрге жеткен эстакадалык көпүрө Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн батыш жана чыгыш бөлүгүн бириктирмекчи.
Строительство эстакадного моста соединяющую западную и восточную части улицы Льва Толстого в Бишкеке
© Фото / пресс-служба УКС мэрии Бишкека
Курулуш соңуна чыккандан кийин төрт тилкелүү көчө Ауэзов көчөсүнөн Алыкуловго чейин узартылып, шаардын батышынан чыгышына чейин кесип өтөт.
Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынан жол 6 чакырымга узарарын, жалпы жонунан 15 чакырымды түзүп каларын айтышты.
Көпүрө темир жолдун үстүнөн өтөт. Ушу тапта 60 түркүк орнотулуп, бийиктиги 6,5-8,5 метрге жетет. Аларга ар бири 18 метр болгон устун орнотулууда. Булар көпүрөнүн негизин түзмөкчү.
Строительство эстакадного моста соединяющую западную и восточную части улицы Льва Толстого в Бишкеке
© Фото / пресс-служба УКС мэрии Бишкека
Эстакадалык көпүрөнүн курулушу 60 пайызга аяктап калды. Ишти быйыл соңуна чыгаруу пландалып жатат.