Энесин атып алган милиционер, тонолгон финполчулар... 90-жылдардагы кылмыштар

Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурда июль айында чыккан гезиттерди барактап, ошол кездеги чуулгандуу окуяларды тизмектейт.
Sputnik

Бул ирет Бишкектеги атышуу, чет элдик туристти тоногон милиционер менен каракталган финполчулардын окуясы сунушталат.

Энесин өлтүргөн милиционер. Укук коргоо органында иштеген жаш жигит тапанчасында огунун бар-жогун текшерип жатып, балконду көздөй атып жиберген. Ок терезенин жанында турган апасына тийип, аял ошол жерден көз жумган. Милиционер каргашадан кийин кесиптештерин үйүнө чакырып, 50 жаштагы апасы өзүн-өзү аткандыгын кабарлаган. Бирок иликтөө жүрүп соттук-медициналык экспертизанын адистери маркумду бирөө алыстан аткандыгын тактаган. 

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Тонолгон финполчулар. Эки кылмышкер Экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгына түн ортосунда кирип сейфти талкалап, ири көлөмдөгү акча уурдап кеткен. Укук коргоо органдары шектүүлөрдү үч күн ичинде колго түшүргөн. Алар буга чейин финполчуларга чоң айыпка жыгылган ишкерлер болуп чыккан. 

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Туристти тоногон милиционер. Кыргызстанга Якутиядан эс алганы келген жаранды милиционерлер автобекеттен тоноп кеткен. Чет элдиктин жаңы келгенин байкаган күч түзүмдүн кызматкерлери аны жакынкы милиция бөлүмгө алып барган. Ал жактан аны тинтүүгө алып, жанында алып жүргөн 65 миң рубль акчасын тартып алган. Кийин жабырлануучу Ички иштер министрлигинин Коопсуздук кызматына кайрылган, бирок акча каражаттарын кайра кайтарып ала алган эмес. 

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Каракчы бийкечтер. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик исскуство институтунда иштеген мугалимди борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринин алдынан тоноп кетишкен. Анда жабырлануучуну бир нече "сулуу" катуу сабап, анын кийимин чечип кеткени айтылат. 

Преступления 90-годов в Кыргызстане

Окуучуну атып өлтүргөн өспүрүм. 13 жаштагы өспүрүм үйдүн балконуна чыгып алып короодо ойноп жүргөн он жаштагы окуучуну тапанча менен башка аткан. Ок жеген бала ооруканада көз жумат. Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкери келгенде тапанча көтөргөн бала курал УКМКда иштеген атасыныкы экендигин билдирген. Бирок баланын атасы ал кимдики экендигин билбей тургандыгын айткан. Кылмыш иши аскер прокуратурасына өткөрүп берилген.