Режеп Тайып Эрдогандын инаугурациясынан ирмемдер

Кыргызстандын президенти инаугурация учурунда башка өлкөлөрдүн башчылары менен маектешип отурганын байкоого болот.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун маалымат кызматы Түркия лидери Режеп Эрдогандын инаугурациясынан алынган кадрларды жарыялады.

1 / 5
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун маалымат кызматы Түркия лидери Режеп Эрдогандын инаугурациясынан алынган кадрларды жарыялады
2 / 5
Эрдоган 9-июлда ант берип, президенттик ишке киришти
3 / 5
Жээнбеков Анкарага инаугурацияга катышуу үчүн кечээ, 9-июлда, учуп кеткен
4 / 5
Сүрөттөрдө Жээнбеков башкалар менен биргеликте тургандыгын, бир катар мамлекеттердин башчылары, өкмөт башчылары менен маектешип отурганын көрүүгө болот
5 / 5
Аларды арасында Россия менен Казакстандын өкмөт башчылары Дмитрий Медведев менен Бакытжан Сагинтаев, Молдованын президенти Игорь Додон бар.

Эрдоган 9-июлда ант берип, президенттик ишке киришти.

Эрдогандын ант берип жатканын чакырылган коноктор туруп угушту. Резиденцияда болгон инаугурацияга 5000ге чукул коноктор катышты. Алардын арасында 21 мамлекеттин башчылары, 28 өлкөнүн премьер-министрлери, депутаттары болду.

Жээнбеков Анкарага инаугурацияга катышуу үчүн кечээ, 9-июлда, учуп кеткен.

Анкарада Жээнбековду кантип тосуп алышты? Видео
Сүрөттөрдө Жээнбеков башкалар менен биргеликте тургандыгын, бир катар мамлекеттердин башчылары, өкмөт башчылары менен маектешип отурганын көрүүгө болот. Аларды арасында Россия менен Казакстандын өкмөт башчылары Дмитрий Медведев менен Бакытжан Сагинтаев, Молдованын президенти Игорь Додон бар.

Эске салсак, Түркияда 24-июнда өткөн президенттик шайлоодо мурдагы мамлекет башчы Тайип Эрдоган 52,59 пайыз добуш алып, жеңишке жеткен. Аны менен катар эле парламенттик да шайлоо болгон. Эми Түркия парламенттиктен башкаруунун президенттик формасына өттү. Муну жалпы эл 2017-жылдын апрелинде өткөн референдумда колдогон.