Жакынкы изилдөөлөргө таянсак учакта төрөгөн коркунучтуу эмес экени айтылат. Бирок ошентсе да тобокелчиликке барбай төрөт үйүнө барган оң. Мындай пикирин Наргиза Ормонбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Эске салсак, буга чейин жүргүнчү аял Оштон Екатеринбургга учуп чыгары менен учак ичинде көз жарган эле.
Ормонбекованын айтымында, кош бойлуу аял төрөткө жакын мезгилде (36 жумадан кийин) алыс жолго чыгуудан абайлаш керек.
"Жайлоодо болобу, учак же унаадабы, ар бир аялдын төрөт мезгили бири-бирине окшобойт. Кош бойлуу аял баласын төрөт үйүндө жарыкка алып келүүсүнө аракет жасаш керек. Анткени медициналык жардам жок учурда эненин да, баланын да ден соолугуна коркунуч жаралат. Бирок жакынкы изилдөөлөрдө учакта төрөгөн кооптуу эмес экени айтылат", — деди акушер.
Ал төрөткө бир гана эне эмес, жалпы үй-бүлө мүчөлөрү даярданышы керектигин кошумчалады.