БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Москвада футбол боюнча дүйнө чемпионатында коопсуздукту камсыздап, документтерди текшерип жүргөн учурда милиция кызматкерлери кыргызстандык 42 жаранды кармады. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматта чет өлкөлүк бир нече жаран кармалгандыгы, алардын арасында кыргызстандыктар да болгону айтылган.
Элчиликтин кызматкерлери КР жарандарынын укугу менен кызыкчылыгын коргоо максатында Москванын Таган районунун полиция бөлүмүнө жүрөт.
Учурда кармалган 42 кишинин 30унун документтери текшерүүдөн өтүп, мыйзам бузуу жок болгондуктан кое берилген. Калган 10 кыргызстандыктын документтерин текшерүү уланууда.
Маалыматта элчиликтин кызматкерлери документтерди текшерүү бүткөнгө чейин кала тургандыгы айтылды.