Сапар Исаковдун жактоочусун кылмыш иш менен тааныштырбай коюштубу? УКМКнын жообу

УКМКдан жактоочунун козголгон кылмыш ишинин материалдары менен эмне үчүн толук тааныштырылбагандыгын айтышты
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл.— Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтокуновго кылмыш ишинин көчүрмөсү берилбей жатат деген маалыматты четке какты.

УКМК 22-июнда адвокат Кылмыш-процессуалдык кодексинин 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык өтүнүч келтиргенин билдирди.

Кылмыш-процессуалдык кодексинин аталган нормасына ылайык, баш коргоо чарасынын токтому, тергөөнүн жүрүшү боюнча протокол менен таанышууга укуктуу. Ал эми тергөө аяктагандан кийин бардык материал менен тааныша алат.

"Учурда кылмыш ишти тергөө аягына чыга электигине байланыштуу жактоочунун өтүнүчү тергөөчү тарабынан жарым-жартылай канааттандырылган. Жактоочу Токтакуновго экс-премьер Исаковго ачылган кылмыш иштеринин материалы менен таанышууга уруксат берилген", — деп УКМКдан маалымдашты.

Маалымат кызматынын айтымында, тергөө аяктагандан кийин жактоочу материал менен таанышып, анын көчүрмөлөрүн алса болот.

Сапар Исаковдун эмне мал-мүлкү бар? Декларация
Андан сырткары  Кылмыш процессуалдык кодекстин 173-беренесине ылайык, кылмыш иши тергелип жаткан учурда алынган маалыматтар жайылтууга жатпайт жана тергөөчү жактоочудан жоопкерчилиги тууралуу кол кат алууга укугу бар.

"Бирок жактоочу Токтакунов белгисиз себептерден улам маалыматты жарыялабоо тууралуу кол катка кол коюудан баш тарткан", — деп маалымат кызмат билдирди.

Эске салсак, 5-июнда Сапар Исаков Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына камакка алынган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоо учурундагы коррупциялык иштерге тийиштиги бар деп айыпталууда.

Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту Исаковдун баш коргоо чарасын үй камагына чыгарууну карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.