Талкаланып кетиптир! Ысык-Көлдө кулаган тик учактын сүрөтү

Кырсыктан алты адам жаракат алган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Өздүк булактар Ысык-Көлдүн Эңилчегинде кулаган Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учактын сүрөтүн жөнөттү.

Тик учак кырсыгы: жабыркагандардын ичинде Япония жана Польшанын туристтери бар
КР Куралдуу күчтөрүнүн аба күчтөрүнө таандык тик учак 9-июлда Түштүк Эңилчек аймагында куткаруу операциясы учурунда капталына ооп калган. Башкы штабдын маалыматы боюнча жабыркаган алты — Япониянын, Польшанын жарандары кыргызстандык котормочу жана үч аскер Бишкекке алып келинген. Абалы туруктуу.

Генералдык штабдын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Жарашева кырсыктын чоо-жайы такталаары менен айтыла турганын айтты. Ушу тапта тергөө тобу иштеп жатат.