Артыкбаевдин адвокаты: депутатты операцияга даярдап жатышат

Буга чейин депутаттын ооруканага жеткирилгенин УКМК кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев кайсы ооруканага жана кандай диагноз менен түшкөнүн адвокаты Айжан Орозакунова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, депутат учурда Бишкектеги Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунда жатат.

"Буга чейин айрым ЖМКлар депутат качып кетти деп жазып ийишти. Бул маалымат чындыкка коошпойт. Аны ушул тапта Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунда операцияга даярдап жатышат. Дарыгерлер жүрөк жана дем алуу органдарына байланыштуу бир нече диагноз коюшту", — деди Орозакунова.

Эске салсак, буга чейин УКМКдан камактагы депутат ооруканага жеткирилгенин кабарлашкан.

Артыкбаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштердин алкагында кармалып, тергөө аяктагыча камакта калган.