Көлдө ВГТРКнын Кыргызстандагы өкүлү каракталды

Үй-бүлөгө кол салуу учурунда бүлөнүн кичүү кызы жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө Бүткүл россиялык мамлекеттик теле жана радиоберүү компаниясынын (ВГТРК) Кыргызстандагы өкүлү тонолду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жабырлануучу, журналист Инесса Ткаченко билдирди.

Анын айтымында, кабарчы жолдошу жана эки кызы болуп "Бостеринская ривьера" мейманканасынын биринчи кабатында эс алуусун өткөрүп жаткан. 9-июлга караган түнү номерге кылмышкер кирип келген.

"Түн ичинде каракчы терезеден кирип кол салды. Колунда бычагы бар экен. Ири суммадагы акча, телефондорду алып кетти. Кичүү кызым артынан түштү эле, буту жабыркаптыр. Милиция түн ичинде келип, жолдошум менен эки кызымды милиция бөлүмүнө алып кетишкен", — деди Ткаченко.

Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, жабырлануучулар Чолпон-Ата ШИИБинде.

"Алар жөн гана көрсөтмө берүү үчүн алып келинген. Андан соң кое берилет. Милиция бөлүмүндө дагы эки сааттай кармалышат", — деди Усубакунов.

Окуя Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин да көзөмөлүнө алынды.