Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү жерге берилди. Зыйнаттан сүрөттөр

Сөөктү алып чыгаар алдында митинг өтүп, анда Байдөбөтовдун жакындары, кесиптештери сөз сүйлөдү.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргыз эл артисти, белгилүү актер Дүйшөнбек Байдөбөтовдун сөөгү кичи мекени болгон Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жерге берилди. Бул тууралуу Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын жетекчиси Жолдош Жанжигит уулу билдирди.

Эскерте кетсек, Байдөбөтов узакка созулган оорудан улам 7-июль күнү көз жумган. Ал 69 жашта болчу. Эл артистин өзүнүн туулуп-өскөн жерине алып кетүүнү бүлөсү менен туугандары чечкен. 

Похороны актера Дуйшенбека Байдоботова

Маркумдун тажыясында киши көп болгону айтылды. Сөөктү алып чыгаар алдында митинг өтүп, аны Ысык-Ата районунун акими Калмырза Кожомкулов ачты. Андан соң президенттин кеңешчиси Айбек Азыранкулов, Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, жакындары, кесиптештери сөз сүйлөдү.

Базарбай эмес, Бостон болмокмун... Дүйшөн Байдөбөтов тууралуу кызыктуу фактылар
Байдөбөтов чыгармачылык жолун Алай райондук элдик театрынан баштаган. Ал эми улуттук театрга 1991-жылы келген. "Мен — Тянь-Шань!" тасмасында Илястын, "Акбаранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, соңку фильмдерде "Белгисиз маршрутта" айдоочунун ролун аткарган.

Ал эми театр сахнасында Курманбек баатырдын, Отелло, Танабай сыяктуу каармандардын образын жаратып, жаш муунга да устаттык кылган.