БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Таиландда үңкүрдө калган 12 мектеп окуучусу жана алардын футбол боюнча машыктыруучусун куткаруу иштери башталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Окуучулар менен машыктыруучусу өлкөнүн түндүк аймагындагы Тхам Луанг үңкүрүнө суу толуп кеткендиктен чыга албай калышкан.
Маалыматка ылайык, куткаруу иштерине 13 суучул катышууда. Үңкүрдүн ичине толуп калган суу бир нече күндөн бери cордурулуп, бир кыйла азайган жана ал балдарды аман-эсен алып чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле балдарды суучулдардын кийимдерин кантип колдонуу керектиги боюнча окутуулар болуп, машыгышкан. Дарыгерлердин айтымында, балдардын саламаттыгы жакшы жана куткаруу учурунда керектеле турчу жабдууларды колдонууну үйрөнүшкөн.
Белгилей кетсек, 23-июнда жергиликтүү мектептин футбол боюнча курамасындагы 12 бала машыктыруучусу менен жети чакырымга жеткен Тхам Луанг үңкүрүнө барып жоголуп кетишкен. Капысынан суу ташкын болуп, үңкүрдүн кире беришине суу толуп калган. 10 күн издөө иштери жүрүп, жыйынтыгында алар аман-эсен табылган. Бирок жакшы тамак ичпегендиктен алдары кеткен.