Дал ушул маршрутка ичинде үйгө жеткиче эмнени гана көрбөйсүң. Айрыкча аптаптуу ысыкта тыгылып, думугуп дегендей… Алыс жерге бара турган болсоң шоруңдун эле катканы. Sputnik Кыргызстан агенттиги маршруткадагылардын кыжырга тийген учурларын тизмектейт.
Какшангандар. Мындай адамдар маршруткага түшөрү менен какшанып, наалынып башташат. Орун бар жогун карабай эле жаштарды жамандап баштаганда жан кашаят. Өзү кичи автобус болсо, айдоочу 30-40 кишини тыгып алса, жаштар эмне чымчык беле ар кай жерге конуп алгандай.
Телефон менен бакырып сүйлөшкөндөр. Өзүнүн менчик унаасында кетип бара жаткандай телефон менен жомок айтышып, анысы аз келгенсип бакырып сүйлөшкөндөр да жинге тиет. Айланасында адам отурганы менен иши жок. Кокус жанына отуруп калсаң кошо жашап жүргөн немедей эле анын турмушу менен таанышып каласың. Ал түшкөндө маршрутканын ичи кадимкидей эле мемирей түшөт.
Адыраңдаган айдоочулар. Маршрутка айдоочуларынын баары кыжырды кайнатпайт. Арасында сылык-сыпаа сүйлөп, унаасынын ичин таза кармагандары деле бар. Бирок калп эле "калып калбасын" деген шылтоо менен жүргүнчүнү жыйып алган айдоочулар жанды кашайтып ийет. Анчалык элге күйсө бат-баттан катташпайбы. Кийи райондордо эл топтолмоюн келбей көздү акыйтышат го. Аларга жүргүнчүлөр 10 сом көрүнүп калса керек. 20 киши батчу унаага 30-40ты тыгып алып адыраңдап айдаганда Кудайлап атып үйгө жетесиң. Тамеки чеккендерди ишинен айдагың келет, айла жок.
Жамбашын көтөрө албагандар. Улгайган же балалуу адам болсо да мейли дейсиң, жапжаш туруп унаанын артына отуруп алып "буйрук" бергендерчи. Түшчү жериңе жакындап калганда астыга жыла берсе болот да, жок лимузинде бараткансып так ошол аялдамага жеткенде баарын тебелеп тепсеп, түртүп, далактап чыгыш керек. Жамбашың көтөрүлбөй калса дагы эмне болуптур. Арыктар го билинбейт, толуктардыкы жаман. Көлөмүн билип туруп артка өтпөй эле коюшса.