Элина Абай кызы интернеттеги "патриотторго" кайрылды

Фильм быйылкы жылдын соңунда элге сунушталат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Актриса Элина Абай кызы Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынын негизинде жаңыланып Өзбекстанда тартылып жаткан тасмада кантип Кадичанын ролун ойноп калганын өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Актриса тартуучу топ аны Кадичанын ролуна караштырып жатканын билгенде аябай кубанганын билдирген.

"Кадичанын ролу үчүн сүрөт жөнөтүүнү сурашканда аябай толкундандым. Себеби бул мен үчүн жаңы роль, жаңы нерсе! Чыдамсыздык менен жооп күтүп жаттым. Өзбек киносунун көркөм кеңеши мени бул орунга бекиткенде сүйүндүм", — деди ал.

Андан сырткары, эмне үчүн тасмадагы башкы каарман Аселдин ролун ойнобогонуна түшүндүрмө берген.

Элина Абай кызы өзбек актерлору менен "Делбиримге" тартылат. Продюсер менен маек
"Эмне үчүн Асел эмес? Анткени мен бир гана амплуада туруп калгым келбейт. Түрдүү нерселерди, кызыктуу образдарды жаратып, өскүм келет. Менин потенциалым толугу менен ачыла элек. Көп нерсени үйрөнүшүм керек. Иштешим керек. Бул тасмада роль жаратып жаткандар өздөрүнүн ордунда деп ишенем. Команданын мүчөсү болгонума кубанычтамын. Азыр ролум үчүн тынчсызданып жатам. Бардыгын экрандан көрүңүздөр", — деп жазат ал.

Элина Абай кызы ошондой эле эркектерге кайрылып, жалган патриот болбоого, элди бөлүп жарбоого чакырды.

"Биздин "баатыр", духу күчтүү эркектер, келгиле жалган патриот болууну токтотолу. Кыргызстан менен Өзбекстандын биргеликте жасап жаткан алгачкы эмгегине кубаналы. Бул башталышы деп гана ойлойм. Мен эки элдин достугун колдойм", — деп жазат актриса.

Фильм быйылкы жылдын соңунда элге сунушталат. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын алдыңкы актерлору тартылууда.

Элина Абай кызы менен Мадина Талипбек тартылган "Делбирим". Өзбекстандагы сүрөттөр
Фильмдин автору — жазуучу Керез Зарлыкова. Ал буга чейин "Көпөлөк" жана "Кокуй кошуна" тасмаларынын сценарийин жазган. Режиссерлукту өзбекстандык Сарвар Каримов аркалоодо.

Ильястын ролун белгилүү актер Азиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойнойт. Эки актер тең Өзбекстандан.

Аселдин образын Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек жараткан, Кадичаны Элина Абай кызы аткарат. Актерлордун баары Өзбекстандын көркөм кеңешинин сынынан өткөн.