Мияров ультрамарафон менен төрт жылдан бери машыгып, үч ирет рекорд койгон. Спортчу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду.
— Бала кезиңизден спорттун бокс, күрөш, футбол түрлөрү менен машыгып, кийинчерээк жеңил атлетиканы тандап алышыңызга эмне түрткү болду?
— Мен эмгектенген Казакстандык фирманын жетекчиси — Триатлон федерациясынын президенти. Триатлончулар үч тапшырма аткарат — белгиленген аралыкка чуркап, велосипед менен жүрүп, анан суудан сүзүп өтөт. Ал кишинин сунушу менен бир-эки мелдешине катышып, жеңил атлетиканы жактырып калдым. Азыр деле триатлон менен алектенип турам.
— Ченемден тыш аралыкты багындыруу үчүн өзгөчө күч, мүнөз талап кылынса керек…
— Боксташып, күрөшүп, футбол ойноп жүргөндө көнүгүү үчүн гана чуркачубуз. Ультрамарафончу болууга каалоо жана чыдамкайлык керек. Мен да башында кыйналгам. Бир аз чуркаганда "мунун мага эмнеге кереги бар" дечүмүн, ошол эле учурда ырахат алып жатканымды байкабай калыпмын.
— Машыктыруучуларыңыз барбы?
— Эки жылдан бери бир машыктыруучу менен иштейм. Мелдешке даярдануунун тартибин баштан аяк түзүп берет. Турнирлерге күзгө жуук катышам. Бири 50 километр болсо, экинчисинде 120 чакырымды чуркап өтүшүм керек.
— Узакка чуркаганда абдан кыйналсаңыздар керек. Кантип эс аласыздар?
— Биз жөнөкөй марафондон эки-үч эсе көп чуркагандыктан жумалап эс алабыз. Ден соолук толук калыбына келиш үчүн бир ай керек. Эсимде, биринчи марафонду чуркаганда өзүмө келе албай үч жума сулк жаткам. Өйдөдө айтып өткөндөй 108 чакырым болчу.
— Чуркагандан кийин салмак бир топ эле түшөбү?
— Тескерисинче толом. Себеби мелдешке чукул камыр тамакты энергия топтоо үчүн көбүрөөк жеп, аз кыймылдайбыз.
— Мелдештерде сый акы беришеби?
— Ден соолукту чыңдап, дүйнөнүн чар тарабынан келген спортчулар менен таанышуунун өзү эле баалуу.
— Бутка көп күч келсе керек?
— Бөйрөк менен жүрөктү маал-маалы менен текшертип турам. Эң негизгиси — уйкудан калбай, күчтүү тамактаныш керек. Мурда ден соолукту калыбына келтире турчу дары-дармектер зыяндай туюлчу, алар жөн гана витамин экен. Азыр аларды жакшы эле колдоном.
— Витаминдер арзан эмес экенин билем. Сиз каражатты кайдан табасыз?
— Эң көп акча ботаска эле кетет. Төрт жылдан бери таманы жарык, үстү бүтүн ботастарым бир батир болоюн деп калды. Казакстандагы айнек чыгарган фирманын бул жактагы өкүлүмүн. Кошумча спорттук мелдештерди уюшурган агенттикте эмгектенем.
— Жеңил атлетика Олимпиада оюндарынын катарында эмеспи, балким курама командага кирсеңиз мындан да жакшы жыйынтык көрсөтмөкдүрсүз?
— Курама командада кесипкөй күлүктөр машыгат. Биз ышкыбоз катары алектенип келебиз. Учурда бизден ультрамарафончу алты гана киши бар, келечекте аталган спорттун түрүнөн федерация ачайын деген план бар.