Абылгазиев: жакынкы жылдары өлкөнүн 20 шаарын өнүктүрөбүз

Премьер-министр Ысык-Көлдө эки күндүк иш сапары менен жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы 20 шаарды өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу — өлкөнүн экономикалык багытындагы реформалардын башаты. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү жакынкы бир нече жылдарга карата мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

"Башкы максат — географиялык жайгашуусуна жана климаттык шарттарына карабастан, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү бардык аймактарга жеткиликтүү болушу керек. Өнүгүү түйүндөрү болуп эсептелген 20 шаарды өнүктүрүү учурдагы негизги пландардын бири", — деди премьер-министр.

Вице-премьер: үйдүн бир чарчы метрин 350-360 доллардан саткан компаниялар бар
Анын айтымында, бүгүн Ысык-Көл облусунун жана Каракол шаарынын жетекчилиги бизнес коомчулук менен биргеликте аймактарды өнүктүрүү программасын сунуштап жатат. Өкмөт бул демилгени колдоого даяр.

"Жаратылыш шарттары боюнча Ысык-Көл облусунун таянычы туризм болуп саналат. Каракол шаары үчүн — туризм тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу артыкчылыктуу багыт. Буга байланыштуу туристтик кызматтарды көрсөтүү деңгээлин, инфраструктураларды жакшыртып жана коммуникациялык байланыштын сапатын жогорулатуу зарыл", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле бул багытта алдыда бир нече көчмө жыйын өткөрүлөрү кошумчаланды.