Албек Ибраимовдун биринчи орун басары кармалды

Макенов 2017-жылдын августуна чейин Муниципалдык менчик башкармалыгын жетектеген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макенов мыйзамсыз жер берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине улуттук коопсуздук органындагы булактар билдиришти.

Ушул жылдын июнь айында Бишкек шаардык прокуратурасы КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн маалыматына караганда, 2014-жылы Муниципалдык менчик башкармалыгы Н. Г. жана К. К. аттуу жарандарга 12-кичирайондон 3,38 гектар жерди бир жылдык колдонууга берген.

Камактагы компанияларынын экөө эбак жоюлган. Шадиевдин мал-мүлкү тууралуу
Аталган аянт коомдук колдонуудагы жер экенине карабай, Муниципалдык менчик башкармалыгы 2015-жылы "Бишкек башкы архитектурасына" анын функционалдык багытын карап берүүнү суранган. Андан ары жерди курулушка берүү чечими чыгарылып, ал жакка соода борбору курулмай болот. 2017-жылы жерди төрт тилкеге бөлүп, "Б. С." ЖАКына сатып жиберишкен.

Бул факты боюнча УКМК иликтөө иштерин баштаган.

Макенов 2017-жылдын августуна чейин дал ушул Муниципалдык менчик башкармалыгын жетектеген.