Тажик чек арачылары кыргыз кесиптештерине колго түшкөндүгү үчүн жазаланды

Буга чейин чек арачылар Согдий облусунун аскер прокуратурасы тарабынан суракка алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Чек ара конфликтисинде кыргыз кесиптештери тарабынан өздөрүн куралсыздандырууга жол берген тажикстандык чек арачылар өлкөсүндө жазаланды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты. 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары жолукту. Эмне чечилди?
Эске салсак, 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына тажик аскерлери кирип келген. Тажик жоокерлери тактала элек жерде мыйзамсыз жүргөндүктөн КР чек арачылары чыгып кетүүнү талап кылган, бирок алар каршылык көрсөтүп асманга ок чыгаргандыктан кармалган. Өз кезегинде Тажикстан да жаңжал боюнча оюн айтып, кыргыз тарапка кине койгон.

Билдирмеге караганда, чек арачылар кандай жаза алганы азырынча белгисиз. Анткен менен Тажикстандын прокуратурасы окуяны толук иликтеп бүтө элек.

"Маектеш кесиптештери тарабынан "барымтага алынган" чек арачылардын атын атаган жок. Бирок алар чек арада кызмат өтөгөнүнө бир эле жыл болгонун билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин алар Согдий облусунун аскер прокуратурасы тарабынан суракка алынган болчу.