"Баатыр эне" ордени интернетте сатылып жатат

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча мамлекеттик сыйлыкты соодалап жана сатып алгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Россиянын интернет-аукционунда "Баатыр эне" ордени сатыкка коюлуп, алгачкы наркы 8 миң рубль (8,6 миң сом) деп бааланды.

Орден "Баатыр эне" выставлена на российском интернет-аукционе со стартовой ценой в 8 тысяч рублей

Сүрөттөмөдө №600 ордендин салмагы 55 грамм жана жакшы абалда экендиги айтылат.

Жээнбеков Манас Ниязов баштаган мыкты уул-кыздардын энелерин сыйлады
Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы болгон "Баатыр эне" ордени менен жетиден ашык баланы төрөп жана татыктуу тарбия, билим бергендер сыйланат.

Орден күмүш жана мельхиордон алтын жалатылып жасалат. Диаметри 52 миллиметр. Биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктардын катарына кирет. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча мамлекеттик сыйлыкты соодалап жана сатып алгандар, алмашкандар же дагы башка жол менен бирөө-жарымга бергендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат.