Калпак кийген Япониянын жараны футболдон кийин трибунаны тазалады. Сүрөт

Япониянын курама командасы 1/8 финалда Бельгия менен беттешип утулуп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ростов-на-Дону шаарындагы "Ростов Аренасында" Япония менен Бельгия беттешкен. Анын жыйынтыгында Япония 2:3 эсебинде жеңилип, чемпионаттан четтетилген. Оюндан кийин япониялык күйөрмандар өздөрү отурган трибунаны жыйнап кеткен. Алардын арасында калпак кийген күйөрманды көрүүгө болот.

Япониялык күйөрмандардын мындай кадамын интернет колдонуучулар кубаттап, колдоого алышууда.

​Япониялык күйөрмандар буга чейин да отурган трибуналарын тазалап кеткен.