Өтүп кеткен ай өлкөдөгү соттор үчүн оор болду. Караган иштеринин арасында эки секелек кызды зордуктаган кылмыш бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги июндагы чуулгандуу соттук чечимдерди сунуштайт.
Малдын кыгына көмүлгөн келин
Кызыл камчы күйөө
19 жаштагы жигит келинчегин катуу сабап салганы үчүн жоопко тартылды. Таяктаганы аз келгенсип, бети-башы көгала болуп, катуу тепкиленген келинди түн ортосунда чачынан сүйрөп үйдөн чыгарып койгон. Жубайлардын жаңжалын көргөн кошуна анын төркүнүн чакыртат. Ызы-чуу менен коштолгон иш кийин сотко өтүп, аялын сабаган киши 3000 сом айыпка жыгылды.
Кайната бычак менен коргонуп…
12 жаштагы секелекти зордуктаган…
Таксист болуп иштеген 53 жаштагы жаран жол боюнда турган 12 жаштагы кызды жеткизип коем деп унаасына салып алып, андан ары анын курсагын тойгузуу үчүн өзүнүн үйүнө алып барган. Соттолуучу ал жерде секелек кызга күч колдонуп зордуктаган. Тергөө маалында шектүү киши кылганын мойнуна алган. Эми бачабаз өмүр бою темир тор артында болот.
Мушташка айланган кызганыч
Жумуштан келген күйөөсүн аялы "Кыял деген ким? Сен аны менен жүрөсүң" деп ызы-чуу менен тосуп алган. Жолдошу ал болгону кесиптеши экенин, ортодо эч кандай мамиле жок экенин айтса да болбойт. Ошентип алардын чыры кол көтөрүүгө айланып келин катуу сабалган. Дарыгерлер жабырлануучунун баш мээси чайкалып, денеси көгала болгондугун аныктады. Сот чоң муштумду 5000 сом айып төлөөгө милдеттендирди.
Зөөкүр
Ажаткананын айынан чыккан чатак
Эки кошуна чогуу майрамдап отуруп, уруша кеткен. Ортодогу чыр жалпы колдонгон ажаткананын айынан чыгып, коңшулар кезектешип тазалоону кызуу талкуулайт. Акыры эки кожоюн мушташып, бири экинчисин пневматикалык тапанчасы менен коркутканга чейин барат. Эки аял жанталашып анын колунан куралын алууга аракет жасайт. Өзүн токтото албай калган киши бычагын сууруп чыгып коңшусун сайып тынат. Сот айыпталуучуну сыноо мөөнөтүнө калтырды.