БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкекте милиция кызматкерлери тапанча көтөрүп жүргөн кишини кармагандан кийин аларга топтошкон адамдар кол салды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинине окуянын күбөсү билдирди.
Анын айтымында, окуя 1-июль күнү түнкү саат 22.00дөр чамасында Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Топтошкондор өзүн укук коргоо органдарынын өкүлү катары тааныштырган кишинин футболкасын айрып жиберишкен. Окуянын видеосу YouTube каналына жарыяланды.
Бишкек ШИИБ аталган факты болгонун ырастады.
"Кайгуул күзөт кызматынын өкүлдөрү ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ош базарынын аймагында ыкчам издөө аракеттерин жүргүзгөн. Ошол жердеги адамды текшерүү учурунда ал тапанча көтөрүп жүргөнүн байкап калышкан. Аны милиция бөлүмүнө алып кетүүгө аракет жасалганда ары жакта турган топ адамдарды жардамга чакырып кирген", — дешти милициядан.
Ал эми тапанча көтөрүп жүргөн киши Ленин райондук ИИБге жеткирилди. Милиционерлерге кол салуу фактысы боюнча Кылмыш жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө күч колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.