Зордуктоого шектелген ММА мушкери менен кылмыштуу топтун мүчөсү камакка алынды

Буга чейин алар үч жигитти сабады делип колго түшүрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ош шаарынын 25 жаштагы тургунун зордуктоого шектелип кармалган ММА мушкери менен кылмыштуу топтун мүчөсү тергөө абагына камакка киргизилди. Бул тууралуу калаанын милициясы билдирди.

"1-июлда сот колго түшүрүлгөн 24 жаштагы мушкерди бир айга, ал эми экинчи кишини эки айга камакка алуу чечимин чыгарды", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, жабырлануучу 30-июль күнү милицияга кайрылган. Арыздын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 129-беренеси ("Зордуктоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми буга чейин камакка алынгандар Ош шаарындагы түнкү клубдун биринде күзөттө турган үч жигитти сабады делип кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.