Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет улуулардын кыжырга тийген учурларын карап чыкты. Бул аларды сыйлабастыкка жатпайт, бирок жаштардын оюн да билип көрдүк.
"Жаш кезин" унута албагандар. "Биз жаш кезде кир жуучу машина жок болчу, күндө керме-керме кир жууп, памперс дегенди билген эмеспиз" деген апаларынын сөзүн укпаган кыз-келин жок го. Жаш кезди кантип унутууга болсун, бирок баарын эле азыркы заманга байлай берген болбойт да. Даяр заманда төрөлүп калганга жаштар күнөөлүү эмес го акыры. Бир нерсе болсо эле "биз жаш кезде…" деп башташат.
Өзүн өтө акылдуу сезгендер. Асмандан түшүп, акылман болуп төрөлгөнсүп жаштарды "көк мээ" кылып койгон улуу муундун өкүлдөрү да аман болсун. Москва деле бир күндө курулган эмес да. Бара-бара тажрыйба топтоп, акыл кирээр аларга деле.
Кейип-кепчигендер. Наалыса адам жанына тура албайт. Кичинекей нерсени чоң көйгөйгө айлантып, аны да көбүртүп-жабыртып баарын ызылдатып жиберишет. Чечилбеген маселе жок эмеспи, силер кейисеңер да кейибесеңер да баары буйругандай болот. Нервиңерди сактагылачы.
Кийимге асылгандар. Азыр жаштардын кийингенин жактырбаган улуулар көп. Кыздар кыска кийип, балдар чачын өстүрөт дешет. Эми базар менен дүкөндө жалаң ошондой кийим сатылса эмне кылсын. Өзүңөр деле жаш болгонсуңар да!