Эми зордуктоого айыпталууда. ММА мушкери менен кылмыштуу топтун мүчөсүнүн иши

Кармалгандар 48 саатка камалды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ош шаарындагы эс алуу жайлардын биринде эки жарандын жаагын сындыра уруп, бирөөсүнө женил жаракат келтирген кылмыштуу топтун мүчөсү менен ММА мушкери эми зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Ага ылайык, 25 жаштагы аял аны 25 жана 24 жаштагы жарандар күч колдонуп зордуктаганын айтып милицияга арыз менен кайрылган.

"Буга чейин КР Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси менен айыптары угузулуп, тергоо жүрүп жаткан бул жарандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди. Кармалгандар КР Кылмыш жаза кодексинин 129-беренеси менен дагы кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жогорудагы жарандар буга чейин Ош шаарындагы эс алуу жайларынын биринин кызматкрелерин сабаганы видеого түшүп калган.