Франция курама командасы Аргентинаны жеңип, чейрек финалга чыкты

Эми франциялыктар Уругвай менен Португалия беттешинин жеңүүчүсү менен 6-июлда оюн талаасында кездешет.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Франция курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатында Аргентинаны жеңип чейрек финалга чыкты.

Эки өлкөнүн футболчулары ишемби күнү Казань шаарында беттешип оюн 4:3 эсебинде жыйынтыкталды.

Футбол — 2018: тайпалык этаптан эсте калган ирмемдер
Анда франциялык Антуан Гризманн беттештин 13-мүнөтүндө каршылаштарынын дарбазасына топ киргизсе, Бенжамен Павар 57-мүнөттө дагы бир ийгиликтүү чабуул жасай алды. Ал эми Килиан Мбаппе эки топ киргизип өзгөчөлөндү.

Аргентиналыктардан Анхель Ди Мария, Габриэль Меркадо жана Серхио Агуэро бирден топ киргизди.

Чемпионаттын чейрек финалында Франция курама командасы Уругвай менен Португалия беттешинин жеңүүчүсү менен 6-июлда

Нижний Новгород шаарында оюн талаасында кездешет.