БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош автожолунун Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки бөлүгү 60 миллион долларга оңдолот. Тийиштүү макулдашууга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, каражат Евразиялык банк менен түзүлгөн келишимдин алкагында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондусунан бөлүнмөкчү.
2018-жылдын 11-июнунда подрядчы болгон Azvirt (Азербайжан) компаниясы менен келишимге кол коюлган. Анын алкагында КР Транспорт жана жолдор министрлиги жана Azvirt компаниясынын ортосунда подрядчынын күнөөсү боюнча курулуш иштери кечиктирилген учурда келишимдин 19 пайызы өлчөмүндө айып санкцияларын кароо макулдашылды. Башка курулуш иштери боюнча келишимдик айып санкциялары 10 пайызды түздү.
Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки аралык 67 чакырымды түзөт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.