Адис: Кыргызстанда электр жарыгынын баасы бир топ кымбаттайт

Татьяна Веденева жакынкы жылдары энергетика тармагында кандай сыноолор болоорун айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктарга жакынкы жылдары электр энергиясын бир топ үнөмдөөгө туура келет. Бул тууралуу Кайра жанма энергия булактары жана энергоэффективдүүлүктү өнүктүрүү борборунун президенти Татьяна Веденева билдирди.

Кыргызстанга качан сапаттуу бензин алып келинери айтылды
Бир нече жылдан кийин Кыргызстан өндүргөн электр энергиясынын бир бөлүгүн Пакистан менен Афганистанга жеткирүүгө мажбур болот. Буга Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун алкагында милдеттендирилген. 

Веденеванын айтымында, эгер жарык бере албасак, ири өлчөмдөгү айып төлөөгө туура келет. 

Адистердин пикири боюнча Кыргызстанды кайра жанма энергия булактарына өтүү жолу менен сактап калса болот. Бул кадам премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин программасында жана Климат боюнча Париж келишиминде каралган. Бирок бул иш-чаралар жаңы гана башталуу алдында турат. 

"Биз CASA долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттоого жетишпей жатабыз. Ошондуктан кыргызстандыктарга азыр үнөмдөбөсөк, кийин абдан кымбат төлөп каларыбызды түшүндүрүү зарыл. Жарыкка болгон баа барбир бир топ көтөрүлөт”, — деди Веденева.

Ошондой эле ал эл кийин шок абалында болбошу үчүн электр энергиясы кымбаттарын азыртадан баштап түшүндүрүү керектигин кошумчалады.