Евробиримдик алты жылда Кыргызстанга 174 млн. евро жардам көрсөттү

Бишкекте Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы диалогдун 4-раунду өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Европа биримдиги Кыргызстанга 2014-жылдан 2020-жылга чейин билим берүү, адам укугу, шайлоо системасын реформалоо жана аймактарды өнүктүрүү үчүн жалпысынан 174 миллион евро жардам берген. Бул тууралуу Россия, Чыгыш өнөктөштүгү, Борбор Азия жана ЕККУнун тышкы байланыш кызматы башкармалыгынын директору Люк Девинь маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы диалогдун 4-раунду өттү.

Нарында кафе ачкан курбулар: Европада жүрүп канчалык артта калганыбызды түшүндүк
Девинь өз сөзүндө Европа биримдиги билим берүү, социалдык коргоо жана аймактарды өнүктүрүүгө жардам берүүнү улантарын кошумчалады. Андан сырткары, Евробиримдиктин фондусунан Кыргызстандын 11 шаарындагы муниципалдык инфраструктураны жакшыртуу, таза суу менен камсыздоо жана катуу калдыктарды иштетүүнү башкаруу тармагына 117 миллион евро бөлүнгөнүн айтты.

Өз кезегинде тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов диалог учурунда Евробиримдиктин долбоорлорун ишке ашыруунун натыйжалуулугу да талкууланганын белгиледи.

Ошондой эле 2018-жыл Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыктан Кыргызстан — Европабиримдиги кызматташтыгы боюнча комитет аймактарды комплекстүү түрдө өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.