Эл өкүлү Келдибаев экс-депутат Ыргал Кадыралиевадан 7 млн. сом талап кылууда

Келдибаев мурдагы депутат Кадыралиева анын ар намысына шек келтирди деп эсептей турганын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңешке мындан бир нече ай мурда депутат болуп келген Сагындык Келдибаев экс-парламентарий Ыргал Кадыралиеваны "чагымчылдык маанайдагы маалыматтарды тараткандыгы" үчүн сотко берди.

Бул маалымат "Республика — Ата-Журт" фракциясынын Facebook баракчасына жарыяланган.

"Келдибаев мандатын мыйзамсыз алган, аны Россия мамлекетинин жараны деген маалымат үчүн депутат мурдагы эл өкүлү Ыргал Кадыралиеваны Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келдибаев анын ар намысына шек келтиргендиги үчүн экс-парламентарийден жети миллион сом компенсация талап кылган.

"Сот анын жасаган иштерине адилеттүү баасын берсин. Мен Россиянын жараны болгондугумду жашырбайм, бирок 2014-жылы чыккам. Мунун тиешелүү тараптар тастыктап бере алат", — деди ал.

Sputnik Кыргызстанга Кадыралиева доо арызга макул эместигин билдирди.

"Мен чындыкты айтып жатканымды далилдейм. Менде да тишелүү документтер бар. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет, Башкы прокуратура Келдибаев боюнча жазган арызым боюнча кыймылдашы керек эле. Анын колунда (Келдибаевдин — ред.) Россиянын КРдеги элчилигинин гана анын мындан ары аталган мамлекеттин жараны эместиги тууралуу кагазы бар. Бирок мындай документти берүү элчиликтин компетенциясына кирбейт, ал башка органдардын иши болчу", — деди Кадырлиева.

Буга чейин да Келдибаевдин кош жарандуулугу боюнча маселе жаралып, депутат ага жообун берген.

Жат болоруң бат беле... Ант-шерттен тайган кыргыз саясатчылары
БШК Алтынай Өмүрбекова өкмөткө вице-премьер болуп кеткенден кийин "Республика — Ата-Журттун" кийинки тизмеси боюнча келе турган Келдибаевдин талапкеригин караган. 24-апрелде тапшырган документтери мыйзамдуу экендигин аныктап, депутаттык мандат берген.

ЖК депутаттарынын кош жарандуулугу боюнча бул биринчи ирет чыгып жаткан чыр эмес. Буга чейин парламентке "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп келген Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экендиги маалым болуп, коомчулукта бир топ пикирлерди жараткан.