Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү менен ММА мушкеринин балдарды сабаган видеосу тарады

Видеодон кара күрмөчөн кишилер эки жигитти бет талаштыра койгулап, тепкилеп жатканын көрүүгө болот.
Sputnik

Оштогу көңүл ачуучу жайлардын биринде кылмыштуу топтун мүчөсү, MMA мушкери экөөлөп эки баланы ур-токмокко алып жаткан видео социалдык тармактарга тарады. Анын астында окуя калаадагы саунада болгону жазылат.

Ош шаардык соту түнкү клубда балдарды сабагандарды абактан чыгарып ийди
Эскертке кетсек, Ош шаардык милициясы 25-июнда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 25 жаштагы Ж.Р. жана МАА мушкери 24 жаштагы А.Б. аттуу адамдарды калаадагы түнкү клубдардын биринде үч баланы сабаган деген шек менен кармаганын билдирген. 

Укук коргоо органдары видеодо дал ушул окуя чагылдырылганын тастыкташты.

Аталган факты боюнча алгач Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, кийин экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилип, кылмыш иши 105-беренеге (ден соолукка жеңил залака тийгизүү) өзгөртүлдү.

Бирок 27-июнда Шаардык сот шектүүлөрдү үй камагына чыгарган. Аларды абакта калтыруу боюнча тергөөчүлөрдүн өтүнүчү канаатандырылган эмес.