Шайын оодарды! Швеция Мексиканын командасын утуп алды

Швециянын курама командасы 6 упай топтоп, тайпадагы таблицада биринчи орунга чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Швециянын футболчулары дүйнөлүк чемпионатта Мексиканын командасын 3:0 утуп алды. 

Ошентип, Швеция турнирдин 1/8 финалына чыкты. 

Египеттин футбол баяндамачысы командасы утулган соң жүрөгү кармап көз жумду
Оюн Екатеринбург шаарында өттү. F тайпасындагы оюн ошентип, шведдердин пайдасына аяктады. Атаандаштарынан ыкчамдыгы менен айырмаланган Людвиг Аугустинссон (50-мүнөттө), ал эми "Краснодардын" экс-капитаны Андреас Гранквист (62-мүнөттө) пенальти менен гол киргизди. Ал эми оюндун 74-мүнөтүндө Эдсон Альварес дагы бир тобу менен швед күйөрмандарын кубанычка бөлөдү.

Бул беттештен кийин Швециянын курама командасы 6 упай топтоп, тайпадагы таблицада биринчи орунга чыкты.

Бүгүн миллиондогон футбол күйөрмандары үчүн күтүүсүз да, жагымсыз да окуя болуп, учурдагы чемпион деп аталган Германия Түштүк Кореянын курама командасына утулуп, өлкөсүнө кайтууга аргасыз болду.