"Русгидро" Кыргызстанды Гаага сотуна берүүгө камынып жатат

Компания сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өлкөгө делегаттарды жиберет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. "Русгидро" компаниясы Жогорку Нарын каскады боюнча Гаага сотуна кайрылганы жатканын Кыргызстанга маалымдады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Компаниянын жетекчиси Николя Шульгиновдун айтымында, кыргыз тараптын чакыруусу менен атайын делегаттар жакынкы күндөрдүн биринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келет.

"Сүйлөшүүлөрдөн жакшы жыйынтык чыгарына үмүт арткан жокпуз. Буга байланыштуу Гаага сотуна кайрылуу боюнча иштерди аткарып жатабыз. Бул боюнча Кыргызстанга алдын ала айтылган", — деди Шульгинов.

Күрпсай ГЭСи боюнча тендер: мамлекет 1,7 миллион сомдук чыгым тарткан
Эске салсак, Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу аракеттери Кыргызстан менен Россиянын 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган келишимдин негизинде башталган. Курула турчу төрт гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 327 мегаватты түзмөк. Бирок 2015-жылдын аягында Кыргызстан келишимди жокко чыгарып, жаңы инвестор кароо керектигин Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында билдирген. Келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзамга өлкө башчысы 2016-жылдын 22-январында кол койгон, ал эми 9-августтан тарта келишим күчүн жоготкон.

Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 10-июлунда Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзгөн. Аталган компания Кыргызстандын "Русгидрого" карыз болгон 37 миллион долларды төлөө милдетин алган. Бирок кийинчерээк ал компания төлөй албай калганы маалым болуп, келишим жокко чыгарылган.