Окумуштуулар узак өмүр сүрүү үчүн жаңы программа ойлоп табышты

Изилдөөчүлөрдүн божомолунда аталган программа улгайган адамдардын жашоосун жакшыртып, узак өмүр сүрүүгө жардам берет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Испаниянын Валенсия институтунун окумуштуулар тобу ар бир адамдын тулку боюнун өзгөчөлүгүн эске алган көнүгүүлөрдүн программасын иштеп чыкты. Бул тууралуу EurekAlert! илимий ачылыштардын сайтында жазылган.

Изилдөөчүлөрдүн божомолунда аталган саамалык улгайган адамдардын жашоосун жакшыртып, узак өмүр сүрүүгө жардам берет.

Окумуштуулар карылыкка кантип эрте моюн сунбоонун жолун табышты
Программа боюнча кара күчтү талап кылган көнүгүүлөр күндөн күнгө көбөйтүлгөн. Жаңы программанын эффективдүүлүгүн текшерүү үчүн окумуштуулар улгайган адамдарды караган борбордон 70 жаштан өткөн 112 эки адамды чакырган. Аларды эки топко бөлүп байкоо жүргүзгөн. Бир тайпа тажрыйбалуу болуп көнүгүүлөрдү жумасына 45 мүнөттөн эки жолу жасап жатса, экинчи топтун мүчөлөрү өздөрү көнүп калган көнүгүүлөрүн эле жасап, аз кыймылдашкан.

Жыйынтыгында дене тарбия көнүгүүлөрүн көп жасаган топтун мүчөлөрүндө жыгылып, колу-буту сынып майыптыкка жана өлүмгө алып келе турган коркунуч аз байкалса, экинчи топтун жыйынтыгы жакшы чыккан эмес.