Голландияда коомдук жайларда паранжа менен жүрүүгө тыюу салынды

Адам укуктары боюнча Европа соту мындай чечимди жөндүү деп тапты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Нидерландынын сенаты коомдук жайларда — транспортто, өкмөттүк имаратта, мектептерде жана ооруканаларда бетти жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салды. Бул тууралуу DutchNews порталы жазып чыкты.

Мындай чечим 2016-жылдын ноябрь айында парламенттин төмөнкү палатасы тарабынан кабыл алынган.

Бул 11 өлкөгө быйыл жайда барбай эле койгонуңуз оң. Эксперттер себебин айтышты
Порталдын маалыматына караганда, сенаторлордун айрымдары бул мыйзам жүздөгөн аялдардын турмушуна таасир этерин айтып, кабатыр болушкан. Өз учурунда ички иштер министри Кайсы Оллонгрендин "Демократттар-66" (D-66) партиясы каршы добуш берген. Ошентсе да көпчүлүк колдоп кеткен.

Мыйзам качан күчүнө кирери азырынча белгисиз. Оллонгрен маселени полиция жана башка кызмат адамдары менен сүйлөшүп көрөрүн билдирген.

Мыйзам долбоордо коомдук жайларда бетин жаап жүргөндөргө 400 евро айып салынары жазылган.

2016-жылдын сентябрь айында ушундай эле чечимди Швейцариянын парламенти колдоп берген. Ал эми Францияда 2011-жылы эле тыюу салынган. Адам укуктары боюнча Европа соту мындай чечимди жөндүү деп тапкан.