Борбор калаада кичи автобус күйүп кеткендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү болгон адам кабарлады.
Анын айтымында, кырсык 27-июнда саат 21.30дар чамасында "Жал" кичи районундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жанында болгон.
"Өрт чыкканда ал жерден эч кимди көрбөгөндүктөн, айдоочу автоунаасын таштап, ары басып кеткен го деп ойлодук. Өрт өчүрүүчүлөр тез эле жетип келип, жалынды өчүрүп коюшту", — деген ал.
ӨКМден бул окуя тастыктап, эч ким жабыркабагандыгын кошумчалашты