Кейпи кетип... Бишкектеги каралбай калган имараттардын жүрөк түшүргөн сүрөттөрү

Sputnik

Жаңы конуштарда баткакка баткан сулуулардын көз талдырган сүрөтү
Борбор калаада шаар көркүн бузган имараттар жок эмес. Алардын арасында курулушу башталып узак убакыттан бери бүтпөгөн көп кабаттуу үй, союз маалында салынган турак жай жана иштебей калган ишканалар бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектин көркүн бузган курулуштардын сүрөттөрүн сунуштайт.

Кейпи кеткен имараттардын көпчүлүгү жеке тараптардын ээлигинде, андыктан аларга карата мамлекеттик органдар талап коюп, эскертүү бере албайт. Ал эми бир нече жылдан бери бүтпөгөн объектилер каржынын жоктугунан же сот иштерине байланыштуу токтоп калган.

1 / 15
Шопоков көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишиндеги турак жай көп жылдан бери салынып бүтө элек
2 / 15
Абдырахманов менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишиндеги соңуна чыкпаган көп кабаттуу имарат
3 / 15
Чүй проспектисинде жайгашкан жеке тараптардын күнөсканасы
4 / 15
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын артындагы курулуш
5 / 15
Калык Акиев менен Киев көчөсүндөгү Улуттук банктын жаңы курулуп жаткан имараты. Ал каржынын тартыштыгынан көп жылдан бери бүтпөй келет
6 / 15
Союз маалында салынган Исанов менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги үй
7 / 15
2010-жылы 7-апрелде толугу менен өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имараты. Аны оңдоого буга чейин 120 миллион сом бөлүү пландалган, бирок дагы эле иш баштала элек
8 / 15
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын сырткы көрүнүшү
9 / 15
Тоголок Молдо менен Фрунзенин кесилишиндеги көп кабаттуу турак жай
10 / 15
"Фрунзе" заводунун короосу
11 / 15
Шопоков көчөсү менен Жибек Жолундагы бүтпөгөн имарат
12 / 15
Сот иштерине байланыштуу Ибраимов менен Москва көчөсүндөгү токтоп калган курулуш
13 / 15
"Тяжэлектромаш" жоопкерчилиги чектелген коомунун Тынчтык проспектисиндеги имараты
14 / 15
"Тяжэлектромаш" ишканасынын Толстой көчөсүндөгү объектиси
15 / 15
"ЖБИ" жабык акционердик коомунун Горький менен Жунусалиев көчөсүндөгү эски имараты