Радио

Арзыматов: Бишкекте биринчи жолу юристтер үчүн эл аралык форум өтөт

"Юристтер Ассоциациясынын" жетекчиси Жеңишбек Арзыматов 5-6-июлда Бишкек шаарында юридикалык форум өтө тургандыгын билдирди.
Sputnik
Арзыматов: Бишкекте биринчи жолу юристтер үчүн эл аралык форум өтөт

Бишкекте алгачкы жолу юристтер үчүн форум өтөт. Бул тууралуу Жеңишбек Арзыматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган форумда юридикалык укук боюнча актуалдуу маселелер талкууга алынмакчы.

"Алдыдагы күндөрдө Бишкекте биринчи жолу жалпы юристтер үчүн эл аралык форум өтөт. Ага келечектеги жана учурдагы юристтер катышат. Чет мамлекеттерден эксперттер келип, азыркы кездеги юридикалык көйгөйлөрдү бирге талкууга алабыз. Форумга Россия, Казакстан, Тажикстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн юридикалык иштер менен алектенген мыкты эксперттер келет", — деди Арзыматов.

Ал мындай форум аймактарга да керек экенин кошумчалады.