Перунун футбол командасы австралиялыктарды жеңип алды

Эки команданын тең чемпионаттагы оюну аяктады.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. – Sputnik. Россияда өтүп жаткан Дүйнөлүк футбол чемпионатынын алкагында кез келген Перу менен Австралия курама командалары кызыктуу оюн көрсөттү. 

Беттеш Сочи шаарындагы "Фишт" стадионунда өтүп, 2:0 эсебинде перулуктар жеңишке жетти. Оюндун 18-мүнөтүндө Андре Каррильо ал эми 50-мүнөтүндө Хосе Паоло гол киргизди. 

1 / 2
Россияда өтүп жаткан Дүйнөлүк футбол чемпионатынын алкагында кез келген Перу менен Австралия курама командалары кызыктуу оюн көрсөттү.
2 / 2
Беттеш Сочи шаарындагы "Фишт" стадионунда өтүп, 2:0 эсебинде перулуктар жеңишке жетти.

Перунун командасы 36 жылдан бери чемпионаттын алкагында өзүнүн биринчи голун жарата алды. Бул курама өзүнүн тобунда үч упай алып, үчүнчү орунду ээледи. Ал эми Австралия болсо акыркыда. Эки команданын тең чемпионаттагы оюну аяктады.