ИИМ: "Карышкыр" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кармалган жаран июнь айынын башында Россиядан депортацияланган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” каймана менен белгилүү Мурсалым Умырзаков Кыргызтандан кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирмеге караганда, 22-июнда анын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айылдардын биринде жайгашкан турак үйүн тинтүү учурунда бангизат табылган. 

“Анын үйүнөн таңгакталган күрөңгүч түстөгү 10 грамм жана күрөң жашыл түстөгү 15 грамм өзгөчө жыттуу зат табылган. Мындан сырткары кара түстөгү беткап чыккан. Экспертиза ал зат гашиш жана марихуана экенин көрсөттү. Гашиштин таза салмагы 6 жана марихуананыкы 11 грамм чыкты”, — деп айтылат маалыматта. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

Заводуңду жап же 10 миң доллар бер! Сузакта кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Мырсалым Умырзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. 2018-жылдын июнь айынын башында эле Россияда бангизат сактоо боюнча жаза мөөнөтүн өтөп келген болчу. Милициянын маалыматы боюнча Умырзаков буга чейин бир нече жолу соттолгон: 1998-жылы каракчылык беренеси менен 10 жылга кесилген, 2005-жылы карактоо боюнча 9 жылга соттолгон, 2010-жылы уурулук кылып 5 жылга эркинен ажыратылган.