Түркияда 34 жаштагы кыргызстандык жаран мерт болду

Мигрант Кушадасы шаарындагы мейманканалардын биринде ашканада иштээри аныкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Түркиянын Кушадасы шаарында 34 жаштагы кыргызстандык жаран каза болгонун жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.

Россияда өрттөлгөн келин ымыркайын айылга жөнөтүп, ишке жаңы эле чыккан. Чоо-жайы
Маалыматка ылайык, анын асылып калган сөөгүн чогуу жашагандар табышкан. Мигрант өүрүнө кол салган деп божомолдонуп жатат.

Айдын провинциясынын полициясы окуяны териштире баштаганы айтылууда.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Sputnik Кыргызстан агенттигине кыргызстандыктын өлүмү тууралуу кабарды ырастап, сөөктү мекенине жөнөтүү боюнча жардам көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.