Польша командасы плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады

Аталган команда колумбиялыктар менен беттешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Колумбиянын футбол боюнча курама командасы польшалык атаандаштарын 3:0 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып салды.

Н тайпасынын оюндары Казань шаарында өтүп жатат

1 / 2
Колумбиянын футбол боюнча курама командасы польшалык атаандаштарын 3:0 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып салды.
2 / 2
Колумбиялыктардан Йерри Мина, Радамель Фалькао жана Хуан Куадрадо өзгөчөлөнүп, топ киргизе алышкан.

Колумбиялыктардан Йерри Мина, Радамель Фалькао жана Хуан Куадрадо өзгөчөлөнүп, топ киргизе алышкан.

Польша эки жолу ири эсеп менен жеңилүүдөн кийин бир да упай топтой албай, мекенине кайтмакчы. Ал эми колумбиялыктар үч упай менен тайпада үчүнчү орунду ээлөөдө. Ал эми төрттөн упай алган Япония менен Сенегал тайпанын лидерлери боюуп саналат.