Айтмамат Кадырбаев алтын сертификатка ээ болгон бүтүрүүчүлөргө белек берди. Сүрөт

Мэр мыкты үч бүтүрүүчүгө планшет белек кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев өзгөчө сертификатка ээ болгон калаа окуучулары менен алардын ата-энелерин кабыл алганын мэриядан билдиришти.

1 / 4
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев өзгөчө сертификатка ээ болгон калаа окуучулары менен алардын ата-энелерин кабыл алганын мэриядан билдиришти
2 / 4
Маалыматта бул бүтүрүүчүлөрдүн 2018-жылдагы мыкты 50 абитуриенттин катарына киргени айтылат
3 / 4
Кадырбаев окуучуларды жетишкендиктери менен куттуктап, ата-энелерине жана мугалимдерине ыраазычылык айтты
4 / 4
Шаар мэри бүтүрүүчүлөргө планшет белек кылганы кошумчаланды.

Маалыматта бул бүтүрүүчүлөрдүн 2018-жылдагы мыкты 50 абитуриенттин катарына киргени айтылат.

"Жалпы республикалык тестирлөөдөн Мырзагүл Алмазбек кызы менен Акназар Амиракунов 219 баллдан алса, Атттыгүл Абдимаматова 221 упайга ээ болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Кадырбаев окуучуларды жетишкендиктери менен куттуктап, ата-энелерине жана мугалимдерине ыраазычылык айтты. Шаар мэри бүтүрүүчүлөргө планшет белек кылганы кошумчаланды.

Баса, Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мирбек Сакенов мектепти бүтүп, абитуриент болгон чагын эстеген колумнистика жазган. Байкуш күрөң кунажын…