Апта ирмеми: көз күйдүрган күйөрман кыздардан букалардын урушуна чейин

Sputnik

Лиссабондун Campo Pequeno аянтында букалардын урушу өттү.

Жайдын толуп турган кезинде Бишкектеги эмен бактарынын жалбырактары саргайып кетти.

Германиянын Эрфурт шаарында ит менен мышыктардын эл аралык көргөзмөсү өттү.

Ливиянын Рас-Лануф нефти терминалында ири өрт чыкты.

Россиянын курама командасы тарыхта биринчи жолу Футбол боюнча дүйнө чемпионатында 1/8 финалга чыкты.

Жайда башталган күз. Саргайган эмендердин санаага салган 11 сүрөтү
Италиянын Милан шаарында Plein Sport спорт кийимдеринин жаңы коллекциясы көрсөтүлдү.

Мадрид (Испания) шаарында коомдун көңүлүн мигранттардын тагдырына буруу үчүн атайын каршылык акциясы өттү. 2017-жылы 68 миллиондон ашык киши согуш, зордук-зомбулуктан улам үй-жайын таштап башка жакка кетүүгө аргасыз болгон.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Кытайда өткөн эл аралык China Open мелдешинде үчүнчү орунга татыды. Ал кытайлык балбан Юан Вангды 11:0 эсебинде уткан.

Белгиянын Остенде шаарында Disney студиясынын мультфильмдерине арналган кум скульптурасынын фестивалы өттү.

Москвадагы Кремль мамлекеттик сарайында VIII Бүткүл россиялык "Бүтүрүүчү — 2018" салтанаты өттү.

1 / 17
Лиссабондо өткөн коррида
2 / 17
Бишкектеги эмен бактарына 2009-жылдан бери курт түшүп, июндун ортосунда эле жалбырактары саргайып кетти
3 / 17
Индиянын Ахмадабад шаарында курулуп жаткан эки имараттын ортосунда кишилер йога көнүгүүлөрүн жасады
4 / 17
Германиянын Эрфурт шаарындагы ит жана мышыктардын эл аралык көргөзмөсү өттү
5 / 17
Ливиянын Рас-Лануф нефти терминалында чыккан өрт
6 / 17
Футбол боюнча дүйнө чемпионатында Бельгия курама командасынын дарбазачысы Тибо Куртуа Тунис менен болгон мелдеште топту тосо албай калды
7 / 17
Аргентина менен Хорватиянын күйөрмандары пляж футболу боюнча жолдоштук беттеш өткөрдү. Нижный Новгород
8 / 17
Марс планетасынын Лиот кратериндеги көк бөлтөк. Сүрөт планеталар аралык MRO станциясы аркылуу тартылган
9 / 17
Кот-д'Ивуарда нөшөрлөгөн жамгырдан улам суу ташкын болуп, 15 киши каза болду. Дагы 100дөн ашык киши куткарылды
10 / 17
Россиянын курама командасы Футбол боюнча дүйнө чемпионатында тайпалык этапта Египетти 3:1 эсебинде жеңип, тарыхта биринчи жолу 1/8 финалына чыкты
11 / 17
Милан шаарында Plein Sport бренди жаңы коллекциясын тартуулады
12 / 17
Жыл сайын 20-июнь качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленип келет. 2017-жылы 68 миллиондон ашык киши согуш, зордук-зомбулуктан улам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон
13 / 17
Батыш Африка мамлекеттеринин экономикалык биримдигиндеги жарандар аскер өнөрү боюнча улуттук фестивалга катышты
14 / 17
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Кытайда өткөн эл аралык China Open эл аралык турниринде үчүнчү орунду алды. Тыныбекова кытайлык балбан Аюн Вангды 11:0 эсебинде жеңди
15 / 17
Белгиянын Остенде шаарында Disney студиясынын мульфильмдерине арналган кум скульптурасынын фестивалы өттү
16 / 17
Россияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнө чемпионатында Ирандан келген күйөрман кыз көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Сүрөт Казань шаарындагы стадиондо Ирандын курамасы Испанияга каршы ойноп жатканда тартылган.
17 / 17
Москвадагы Кремль мамлекеттик сарайында VIII Бүткүл россиялык "Бүтүрүүчү — 2018" салтанаты өттү.