Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Жайда башталган күз. Саргайган эмендердин санаага салган 11 сүрөтү
Маалыматка ылайык, 25-июнь күнү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 24…29, Таласта 22…27, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 25…30, Ысык-Көл менен Нарында 19…24 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарында маал-маалы менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы борбор калаада 26…28 градуска жетсе, Ошто 27…29 градус ысык болот.