11:0! Тыныбекова Кытайда атаандашынын айласын кетирип, коло утуп алды. Видео

Кыргызстандык балбан 59 килограмм салмактагылар арасында кытайлык спортчу Ванг Юанды 11:0 эсебинде жеңди.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Спортчу Айсулуу Тыныбекова Кытайдын Тайюань шаарында өтүп жаткан China Open деп аталган мелдеште күмүш медаль утту. Бул туурасында Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтында жарыяланды.

Көйкөлө баскан, гүл кармаган, килемде тер төккөн Айсулуу. Балбан кыз 25ке чыкты
Маалыматка ылайык, 22-23-июнь күндөрү өтүп жаткан таймашта Тыныбекова 59 килограмм салмактагылар арасында япониялык атаандаштан утулуп, коло медаль үчүн беттеште кыргызстандык балбан кытайлык спортчу Ванг Юанды 11:0 эсебинде жеңди.

Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан Айсулуу Тыныбекова (58 кг.), Мээрим Жуманазарова (75 кг.) жана Марсбек кызы Назира (55 к.) башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштосунда ат салышмак.