Түптө сүт ташыган унаа менен трактор кагышып бир адам каза болду

Жол кырсыгы Михайлов айылында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ыссык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайлов айылында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда сүт ташыган унаа менен чиркегич сүйрөп бараткан трактор кагышкан. Кырсыктын кесепетинен сүт ташыган унаанын айдоочусу мерт болгон. Жеринде жол инспекторлору иш алып барууда. Материалдар тергөө органдарына өткөрүп берилет.