Айыл чарба министрлигинин эки кызматкерине иш козголду. Убалга калган сертификат

Фитосанитардык сертификат — ЕАЭБдин аймагына товар алып кирүү үчүн сапатты тастыктаган жалгыз документ. Кызматкерлер жасалма сертификат берүү менен төрт жыл бою шугулданып келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери ата мекендик азык-түлүктөрдү ЕАЭБге алып чыгуу үчүн фитосанитардык жасалма сертификаттарды даярдап жүргөн. Бул тууралуу кылмыштык схеманыаныктап чыккан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) кабарлады.

Алар жасалма документтерди 2015-жылдан бери ушул убакка чейин берип келишкен.

"Иликтөө маалында Финполдун кызматкерлери фитосанитардык жасалма сертификаттар дайындалган жерди тапты. Ал жактан документтердин бланкалары, патенттер, мөөрлөр алынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча Кылмыш жана жаза кодесинин 166 (Алдамчылык), 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренелери (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголду.

Мамкаттоо издөөдө жүргөн чет элдин жаранына берилген паспорт боюнча үн катты
Анын негизинде аталган департаменттин эки кызматкери №1 тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Фитосанитардык сертификат — ЕАЭБдин аймагына товар алып кирүү үчүн сапатты тастыктаган жалгыз документ. Аны алуу үчүн фермерлер продукциясын сертификаты бар лабораториянын текшерүүсүнөн өткөрүшү керек.

Баса, Казакстандын дүкөндөрүндө Кыргызстандан барган тамак-аштан ден соолукка зыяндуу бактериялар табылган. Коңшу өлкөнүн Коомдун ден соолугун коргоо комитетинин билдиргендей, ичеги ооруларын алып келчү бактериялар "РИХА", "Эмилия" компанияларынын, стафилококк митеси "Умут и Ко" ишканасынын продукциясынан чыккан.