Баласын тумчуктуруп, андан соң өзүн өлтүрмөй болгон. Сот келинди камакта калтырды

Уулун жалгыз баккан аял мындай кадамга жокчулуктун айынан барганын айтып берген.
Sputnik

ОШ, 21-июн. – Sputnik. Ош шаарында баласын тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган келин алгач уулун, андан соң өз өмүрүнө кол салууну пландаштырган. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Кредит алган атасын уулу башка чаап, аялы бычактап салды. Окуянын чоо-жайы
Эске сала кетсек, Ош шаарында бала бакчалардын биринде 26 жаштагы келин өзүнүн бир жаш 4 айлык баласын жаздык менен тумчуктурууга аракет жасаган. Наристе бала бакчанын кызматкерлери тарабынан куткарылган. Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28 жана 97-беренелеринин (адам өлтүрүүгө аракет жасоо жана адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү аял 48 саатка камакка алынган. Окуя 19-июнь күнү болгону айтылды.

Маалыматка ылайык, келин мындай кадамга жокчулуктун айынан, жакындарынын жактырбаган жигитке турмушка чыгууга мажбурлашынан улам барган.

"Келиндин жакындары аны турмушка узатып жатып, "ажырашсаң биз сени кайра кабыл албайбыз" деп эскертишкен. Ал жигит менен келиндин турмушу көпкө узаган эмес. Келин уулун өзү жалгыз багып, жардам берген жакыны болбогондуктан калаадагы "Ак жүрөк" кризистик борборунун кароосунда болгон. Бирок оор турмуштун айынан жашоодон үмүтү үзүлүп, алгач уулун өлтүрүп, анан өз өмүрүнө кол салууну пландаштырган", — деди жеке булак.

Учурда шектүү катары кармалган келин Ош шаардык сотунун чечими менен эки айга камакта калтырылды.