Грузия Марс планетасында жүзүм өстүрүүнү пландап жатат

NASA уюмунун астронавттары жүзүмдү космостогу станцияда өстүрүп көрүп, бир нече ийгиликтүү эксперименттерди жүргүзүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Грузия космосту өздөштүрүү долбооруна кошулуп, жүзүм өстүрүүнү сунуштаганын Sputnik Грузия агенттиги өлкөнүн Улуттук музейине таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, NASA уюмунун астронавттары жүзүмдү космостогу станцияда өстүрүп көрүп, бир нече ийгиликтүү эксперименттерди жүргүзүшкөн.

"Бул жаатта Грузияныкындай тажрыйба дүйнөдө сейрек кездешет", — деп айтылат маалыматта.

Өлкөдө мамлекеттик органдардан, билим берүү жана илим изилдөө борборлорунун өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу топ түзүлө турган болду.

Баштапкы этапта демилгелүү топко Грузиянын Билим берүү жана илим министрлигинин, Улуттук музейдин, Бизнес жана технология университетинин өкүлдөрү жана Microsoft менен Space Farms компанияларынан адистер тартылат.