Бишкекке Норвегиянын экс-премьер-министри эмнеге келди?

Кыргызстандын бийлиги менен Евробиримдиктин коногу майыптардын абалын, аларды ишке орноштуруу маселесин талкуулады.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстанга Норвегиянын экс-премьер-министри, Адам укугу боюнча борбордун президенти Кьель Магне Бондевик келди.

Ал 20-июнда майыптардын маселеси жана тараптардын бул жаатта тажрыйба алмашуусу талкууланган конференцияга катышканын уюштуруучулар билдиришти.

Конференция INSPIRED+ деп аталган Евробиримдик каржылаган долбоордун алкагында өттү.

Депутат майып балдардын төрөлүшүнүн алдын алууга чакырды
Кьель Магне Бондевик Евробиримдиктин өлкөлөрүндө жана башка мамлекеттерде майыптарды ишке орноштуруу кандай жүргүзүлөрүн айтып берди.

Конференцияда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова Кыргызстанда майыптар боюнча жазылган мыйзамдардагы кепилдиктер дээрлик иштебестигин айтты. Андан сырткары, тиешелүү чечимдерди кабыл алууда да калктын бул катмарына карата басмырлоо болорун кошумчалады.

Анткен менен министр жакында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдарга майыптарды ишке алуудагы квотанын аткарылышы боюнча анализ жасоо башталганын билдиргенин маалымдады.